Ош шаарындагы Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролу департаментинин шаардык башкармалыгы видеокайрылуунун негизинде курулуш объектисинде коопсуздук эрежелеринин сакталышын текшерди. Текшерүү Касымбеков көчөсү, 2 дарегинде жайгашкан курулуш объектисинде жүргүзүлгөн.

Аталган объект 2025-жылдын февраль айында Бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестрине катталган. Учурда ал жерде жети инсандык кабаттын төшөмөттөрүн орнотуу иштери жүрүп жатат.

Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштери учурунда коргоо каскаларын жана зарыл болгон жеке коргонуу каражаттарын колдонбогондугу аныкталды.

200 000 сом айып пул

Эреже бузуулар үчүн компанияга салынган сумма

Коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы курулушчулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү менен бирге, курулуштун жанында жүргөн жарандардын коопсуздугуна да коркунуч туудурат. Ар бир курулуш уюштуруучусу белгиленген ченемдерди жана эрежелерди сактоого милдеттүү.

Текшерүүдөн кийин «ТКК Перспектива» ЖЧКсы курулуш иштериндеги коопсуздук талаптарын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылды. Компанияга аныкталган нарушенияларды жоюу жана коопсуздук ченемдерин камсыз кылуу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилип, айып пул салынды.