Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков баштаган делегация экстремизмдин алдын алуу жана ага каршы аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерине арналган Hedayah IRC 2026 эл аралык изилдөө конференциясына катышты.
Конференциянын алкагында мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосунда эксперттик талкуулар жана практикалык тажрыйба алмашуу болуп өттү. Ошондой эле экстремизмдин алдын алууга жана ага каршы аракеттенүүгө багытталган илимий изилдөөлөр, мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана программаларды ишке ашыруу тажрыйбалары сунушталды.
Адилет Орозбеков өз сөзүндө конференциянын катышуучуларын өлкөдө экстремизмдин алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, анын ичинде жарандарды репатриациялоо, реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча чаралар менен тааныштырды.
Кыргыз Республикасынын эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен өз ара аракеттенүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду. Анын колдоосу менен жарандарды, анын ичинде балдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн репатриациялоону жана реинтеграциялоону камсыз кылууга багытталган иш-чаралар жүзөгө ашырылган.
Бул кызматташтык баланын эң негизги кызыкчылыктарын эске алуу менен жарандардын тынч жашоого кайтып келиши, алардын социалдык адаптацияланышы жана коомго реинтеграцияланышы үчүн зарыл шарттарды түзүүгө багытталган.



















