Баткен облусунун ИИМ басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянсак, Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургундардын бири кайрылган. Ал Раззаков шаарында токтоп турган «Daewoo Matiz» маркасындагы унаасынан белгисиз адамдар 21 800 сом уурдап кеткенин айткан.
Бул окуя Лейлек РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмыш боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») боюнча кылмыш иши козголду.
Кылмыш розысктоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында шектүү адам табылды. Ал Раззаков шаарынын 39 жаштагы тургуну К.С. болуп чыкты. Ал мурда дагы уурдоо кылмышы үчүн жоопкерчиликке тартылгандыгы белгилүү.
Учурда шектүү убактылуу кармоо изоляторуна жабыштырылды. Тергөө иштери улантылууда.













