Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (УВД) маалыматына ылайык, 22-октябрда саат 23:30 чамасында Аксы районунун Жерге-Тал айылында жергиликтүү тургундар бодо мал уурдоого аракет кылган деп шектелген адамдарды байкап калышкан. Шектүүлөр «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү унаада жүрүшкөн.
Айыл тургундары шектүүлөрдү унаа менен кууп жөнөшкөн. Милициянын маалыматында, шектүүлөр жүргөн унаа табылып, азыркы тапта заттай далил катары сакталып турат.
Милиция кызматкерлери билдиргендей, окуя Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн электрондук журналына катталган. Учурда текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштери уланууда.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзам чегинде юридикалык баа берилмекчи.
Эки шектүү кармалды
26-октябрда аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурулук») менен кылмыш иши козголгон. Издөө иштеринин натыйжасында 1990-жылы туулган У.К. аттуу жаран менен 1990-жылы туулган Б.А. аттуу жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Пресс-кызматтын маалыматы боюнча, шектүүлөр эки баш бодо малды унаага жүктөп жаткан жеринен байкалып, малды таштап качып кетишкен. Учурда дагы башка тиешеси бар адамдарды издөө иштери жүрүп жатат. Тергөө уланууда.












