Бүгүн, 12-ноябрда саат 13:00дө Сокулук районунун Фрунзе айылындагы Набережная көчөсүндө турак үй коюнуп кетти. Бул тууралуу Turmush корреспонденти билдирди.
Жергиликтүү тургундардын айтымы боюнча, өрттүн кесепетинен үйдүн чатыры жана ички бөлүктөрү толугу менен күйүп кеткен. Маалыматтарга таянсак, бул үйдө убактылуу ижарага алган үй-бүлө жашап турган экен.
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуянын натыйжасында адамдар жабыркаган эмес. Учурда кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери өрттү өчүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.















