Ош шаарында 2026-жылдын август айында шаар күнүнө карата профессионалдык бокс боюнча эл аралык TURKSEN 3 турнири өтөт. Турнирди уюштуруу маселелери боюнча мэр Жанарбек Акаев жана Кыргыз профессионалдык бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов сүйлөшүү өткөрүштү.
Бул спорттук иш-чара эл аралык ТЮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен өткөрүлүп, түрк дүйнөсүндөгү белгилүү бокстан спортчулардан тышкары башка өлкөлөрдүн боксчулары да катышуусу күтүлүп жатат.
Турнирге жети ирет дүйнө чемпиону болгону менен таанымал Орзубек Назаров дагы катышат. Мэрдин айтымында, бул эл аралык спорттук иш-чара Ош шаарын дүйнөлүк аренада таанымал кылууга жана спорт борбору катары өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет.
Шайлообек Атазовтун айтуусунда, турнир профессионалдык бокстун күйөрмандары үчүн майрам катары өтүп, программасына бир катар кармаштар кирет.












