2026-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын республикалык жана облустук маанидеги шаарларынын жергиликтүү кеңеш депутаттарынын ортосундагы «Спартакиада-2026» спорттук мелдештери салтанаттуу түрдө ачылды. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөн алиев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин төрагалары катышты.

«Спартакиада-2026» – бул жөн гана спорттук мелдештер эмес. Бул жергиликтүү кеңеш депутаттарынын ортосунда тажрыйба алмашуу, өз ара кызматташтыкты чыңдоо жана достук мамилелерди өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтча. Спорт адамда биримдик сезимин, тартипти, чыдамкайлыкты жана жеңишке умтулууну тарбиялайт»
Айбек Жунушалиев, Бишкек шаарынын мэри

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин белгилөөсүнчө, мындай иш-чаралар региондор аралык байланыштарды бекемдөөгө, кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана спортту популярдаштырууга өбөлгө түзөт. Ал борбор шаар спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган шаар экенин баса белгиледи.

Иш-чаранын алкагында сыйлоо аземи да өткөрүлдү. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Бишкек шаары үчүн эмгеги үчүн» орденин менен, ал эми жергиликтүү кеңештердин төрагалары төш белгилер менен сыйланды.