Кыргызстанга күйүүчү майды жеткирип берүүдө жаңы багыттар пайда болду. Белоруссия, Азербайджан жана Түркиядан күйүүчү майдын партиялары өлкөгө кырдаалды турукташтыруу үчүн келип жатат.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатовдун айтымында, учурда Россиянын мунай өндүрүүчү заводдорунан күйүүчү май сунуштоо дээрлик токтоп калганына байланыштуу, алгачкы баскычта Кыргызстан алыстагы өлкөлөр менен кызматташууну күчөтүүдө.