Ош шаардык Мамлекеттик архитектуралык курулуш көзөмөл департаментинин текшерүүсү учурунда бетон лотокторун өндүрүү менен алектенген И. Раззаков көчөсү, 21 дарегиндеги цехте мыйзам бузуулар табылды.

Атап айтканда, курулуш иштерин жүргүзүүдө талапка жооп бербеген, сертификаты жок курулуш материалдары колдонулган. Бул факт боюнча жеке ишкер Э. У. Т. жөнүндө тиешелүү протокол түзүлүп, административдик чаралар кабыл алынды.

Департамент цехтин ишин мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин токтотту жана бардык юридикалык жана жеке жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, курулуш нормаларына жана техникалык регламенттерге катуу ылайык иш алып барууга чакырды.