Ош шаарында унаа айдап бара жаткан айдоочудан баңгизатка окшош кара түстөгү зат табылган. Бул тууралуу түштүк борбордун Патрулдук милициясынын кайгуул кызматы билдирди.

Айдоочу медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, анын тыюу салынган заттарды колдонгондугу тастыкталган.

Унаа №101 көчөсүндө рейд учурунда текшерүү үчүн токтотулган.

Аталган факты боюнча протоколдор түзүлдү. Унаа айып төлөөчү жайга токтотулду.

Айдоочу андан ары териштирүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.