Ош шаарында автоунаа ээлери айып унаа токтотуучу жай иштебей турганда да, унаасын албай калганы үчүн акы төлөөгө аргасыз болушууда. Бул маселени адвокат Жылдыз Кадырова көтөрүп чыкты.

Адвокаттын айтымында, ал эвакуацияланган автоунаасын алып кетүү үчүн келгенде, муниципалдык эвакуация ишканасы жабык болгон. Бирок унаа айып токтотуучу жайда турган ар бир саат үчүн акы эсептелип жатат.

Жылдыз Кадырова автоунаанын эвакуацияланышына жана эвакуатордун кызмат акысын төлөөгө каршы эместигин белгиледи. Бирок ал унааны алып келип, кызматтарды төлөөгө келгенде, ишкана жабык болгондуктан, бул мүмкүн болгон эмес.

Эгерде акы ар бир саат үчүн эсептелсе, анда кызмат дагы саат сайын жеткиликтүү болушу керек. Эгер ишкана иштебесе жана автоунааны алып кетүүгө мүмкүнчүлүк бербесе, анда эмне үчүн жаран бул убакыт үчүн төлөшү керек?
Жылдыз Кадырова

Ал мындай абалды адилетсиз деп эсептейт жана автоунааны сактоо үчүн акыны эсептөө тартибине ылайык кызматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого чакырат.