Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлери 3-августтан 8-августка чейин “Кара куурай” операциясынын экинчи этабын өткөрүшкөн. Рейддерге Ички иштер башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери, ошондой эле Араван жана Өзгөн райондорунун милиция кызматкерлери катышты.
Милиция мыйзамсыз плантацияларды аныктоо жана жер участокторун, талааларды, короолорду текшерүү иштери уланып жатканын белгиледи. Укук коргоо органдары жапайы кара куурайды жок кылбаган жер ээлеринин жерлерин издешүүдө.











