Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматтын (СБНОН) кызматкерлери Бишкек шаарында атайын рейд уюштурушту. Бул рейддин максаты баңгизаттын таасири астында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо болгон.
Түн ичинде жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында жалпысынан 22 административдик укук бузуу протоколу түзүлдү. Ошондой эле, жети автоунаа атайын токтотуучу жайга киргизилди. Текшерилген алты айдоочунун бешөөсүнөн баңгизат колдонгондугу тастыкталган.


