Ош шаарынын бюджетине пилоттук долбоордун алкагында бир айдын ичинде 160 миллион сом кошумча салык түшүүлөрү катталды. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады.

Мэр Жанар Акаевдин айтымында, президент Садыр Жапаровдун чечими менен бирдиктүү салык жана сатуудан алынуучу салыктардын бир бөлүгү Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинде калтырылган. Бул долбоор 2026-жылдын 1-июнунан 2027-жылдын 1-июнуна чейин бир жылдык мөөнөткө эсептелген.

Долбоордун алкагында сатуудан алынуучу салыктын 50 пайызы жана бирдиктүү салыктын 15 пайызы Ош шаарынын бюджетине багытталууда.

Салыктар – бул шаардын өнүгүшүнө түздөн-түз кошкон салым. Түшкөн каражаттар жолдорду оңдоого, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана шаар чөйрөсүн көрктөндүрүүгө жумшалат.
Ош шаарынын мэри Жанар Акаев

Мэр ишкерлерди көмүскө экономиканы кыскартууга, ишмердүүлүктү мыйзам чегинде жүргүзүүгө жана салыктарды өз убагында төлөөгө чакырды. Ал кошумча салыктык түшүүлөр шаарды өнүктүрүүгө көбүрөөк каражаттарды багыттоого мүмкүндүк берерин белгиледи.

Пилоттук долбоордун жыйынтыгында Финансы министрлиги механизмдин натыйжалуулугун баалап, демилгени кеңейтүү боюнча сунуштарды даярдашы керек.