4-ноябрда Ош шаарындагы жеке менчик «Леди Клиник» төрөт үйүндө өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.
Күбөлөрдүн айтымында, коюу түтүн имараттын ичин тез эле каптап, наристелүү энелер сыртка чыгууга үлгүрүшкөн. Айрымдары балдарын колдоруна көтөрүп, дээрлик качып чыгышкан.
ӨКМ маалыматы боюнча, өрт Мамыров көчөсү, 1/2 дарегинде катталган. От ачык аянттагы эшиктерден жана электр кабелдеринен чыгып, жалпы 50 чарчы метр аянтты камтыган.
Өрттүн кесепетинен клиниканын экинчи кабатындагы эки бөлмөнүн жана үчүнчү кабатындагы эки бөлмөнүн терезелери жабыркаган. Ошондой эле биринчи кабатта жайгашкан жеке нотариустун 56 чарчы метрлик кеңсеси толугу менен күйүп, компьютерлер, эмеректер жана иш кагаздары жок болгон.
Өрттүн кесепеттери
Өрттү өчүрүүгө Ош шаары боюнча ӨКМ башкармалыгынын ПСЧ-12 бөлүмүнүн 2-бөлүмү тартылган. Саат 16:08де өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Окуядан каза болгондор жана жабыркагандар жок. Материалдык чыгымдын көлөмү жана өрттүн чыгуу себеби такталып жатат.

















