Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Отмок ашуусунда кар жаап жатат. №36 жол-пайдалануу ишканасынын кызматкерлери жолду тазалап, кум-туз аралашмасы менен иштетип жатышат.
Бишкек—Ош автожолунун Тоо-Ашуу ашуусунда да кар жаады. №9 ишкананын кызматкерлери жүрүүчү бөлүгүн музга каршы каражаттар менен себишти. Учурда трасса ачык, транспорттун кыймылы үзгүлтүксүз жүрүп жатат.
Ош—Сары-Таш—Эркештам автожолунун Талдык ашууларында да кар жаап жатат. Ал жерде №960 ишкананын кызматкерлери жолду инерттүү материалдар менен иштетип жатышат. Бул участоктордо өтмө ачык.
Ошондой эле, жол милициясынын маалыматы боюнча, Тоо-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кар жаап, жол коопсуздугун камсыздоо үчүн жол төшөмүнө туз жана кум себилип жатат.
Кар жааган ашуулар















