10-августта «Каракол» эл аралык аэропортуна биринчи Airbus A320 учагынын келиши Ысык-Көл облусунун авиациясы үчүн тарыхый окуя болду. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, учуу-конуу тилкеси 3 750 метрге чейин узартылып, аэродром инфраструктурасы модернизациялангандан кийин аэропорт жаңы деңгээлге чыкты.

Эми «Каракол» эл аралык аэропорт макамына ээ болбостон, эл аралык каттамдар тармагын өнүктүрүү үчүн чыныгы техникалык мүмкүнчүлүктөргө ээ болду.
Манасбек Самидинов, «Кыргызстандын аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы

Ошондой эле Самидинов Орусия, КМШ өлкөлөрү, Жакынкы Чыгыш жана башка келечектүү рыноктордон жаңы багыттарды ачуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдады.