Бишкек шаарында бүгүн, 29-ноябрь күнү, илим жана технологиялар боюнча ILIM FEST – 2026 фестивалы болуп жатат. Иш-чаранын негизги максаты — өсүп келе жаткан муундун илимге, инженерияга, технологияларга жана инновацияларга болгон кызыгуусун арттыруу, алардын чыгармачылык жана техникалык потенциалын өнүктүрүү, ошондой эле таланттуу жаштарды колдоо болуп саналат.
Фестивалдын катышуучусу Баэль Эльдияров роботтотехника тармагы менен үч жылдан бери алектенип келет. Бул убакыт ичинде ал көптөгөн роботторду чогулткан. Мектеп окуучусу келечекте роботтотехника инженери болууну пландап жатат.
«Кабар» агенттигине айтканында, Баэль фестиваль үчүн атайын роботболго арналган роботту жасаган. Анын айтымында, робот абдан тез кыймылдайт, топту тебүү жана башка роботко пас берүү үчүн атайын механизм менен жабдылган.
«Биз ушундай жол менен футбол ойноп, голдорду киргизем», - деди мектеп окуучусу.
Бул иштеп чыгуу жаштар арасында роботтотехника тармагындагы өсүүнү көрсөтүп турат.







