Ат-Башы районунда мектеп окуучуларынын арасында райондук шахмат турнири болуп өттү. Бул иш-чара окуучулардын акыл-эсин өнүктүрүү, шахмат спортуна болгон кызыгуусун арттыруу жана жаш таланттарды колдоо максатында уюштурулган. Турнир райондун акиминин кубогу үчүн өткөрүлдү.

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматы боюнча, мелдештер Касыке Мамбеталиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин спорт залында өттү. Аймкалык мелдештерге райондогу мектептерден жалпысынан 176 окуучу катышты.

176катышуучу окуучу
33сыйлык ээси

Жыйынтыгында эң мыкты оюн көрсөткөн 33 мектеп окуучусу ийгиликтерди утуп алышты. Жеңүүчүлөргө Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын кубогу, дипломдор жана башка сыйлыктар тапшырылды.

Командалык натыйжалар

  1. Карыбек уулу Акматаалы атындагы жалпы билим берүү мектеби — 1-орун
  2. Токтомуш Адыраңов атындагы жалпы билим берүү мектеби — 2-орун
  3. Апыш Койчуманов атындагы жалпы билим берүү мектеби — 3-орун