Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Датка айыл аймагында бир катар социалдык объекттерди оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Айыл өкмөтүнүн башчысы Санатбек Зарипбек уулу иш жүрүшү менен аймактагы объекттерди өзү кыдырып, оңдоо иштеринин жүрүшүнө таанышып чыкты.

Кайсы объекттер жаңыланып жатат?

  • Ж. Абдрахманов атындагы №132 жалпы билим берүүчү негизги мектебинде жылытуу системасы толугу менен жаңыланды.
  • «Күн-Нуру Шарк» мектепке чейинки билим берүү уюмунда брусчатка төшөө иштери жүрүп жатат.
  • К. Момбекова атындагы №101 жалпы билим берүүчү мектептин спорт залында оңдоо иштери жүрүүдө.
  • Ташлык айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) ички бөлүгүн оңдоо иштери жүрүп жатат.

Айыл өкмөтүнүн жетекчиси бардык иштердин сапатына, белгиленген талаптардын сакталышына жана оңдоо иштеринин өз убагында бүтүрүлүшүнө өзгөчө көңүл бурууну тапшырган. Бардык иштер жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланууда.