Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кеңешме өткөрүлдү. Анда ведомствонун карамагындагы бөлүмдөрдүн жетекчилери жана коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча Жогорку прокуратуранын өкүлү катышты.

Жыйналышта коррупцияга каршы чараларды жакшыртуу, алдын алуу иштерин эффективдүү жүргүзүү жана тиешелүү органдар менен өз ара аракеттенүүнү жогорулатуу боюнча маселелер каралды.

Атап айтканда, коррупция коркунучтарын аныктоо жана азайтуу, мамлекеттик мекемелердин иштөөсүндө ачыктыкты камсыз кылуу, ошондой эле жооптуу кызматкерлердин антикоррупциялык мыйзамдарга баш ийүүсүн күчөтүү боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтын жүрүшүндө коррупциянын мамлекет жана коомдо алып келген терс натыйжалары, ошондой эле жарандардын мамлекеттик мекемелерге болгон ишеними төмөндөшү каралды. Антикоррупциялык маданиятты калыпташтыруу жолдору да талкууланды.