Жогорку Кенештин отурумунда депутат Токтобубу Ашымбаева Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин иштөө графигин өзгөртүү зарылдыгын көтөрдү. Анын айтымында, мугалимдер жана дарыгерлер бала бакчалардын иштөө убактысын эрте баштоону суранып жатышат.
Депутаттын маалыматы боюнча, учурдагы график мектептерде жана ооруканаларда өз убагында иштешүүгө тийиш болгон адистер үчүн кыйынчылыктарды жаратууда. Ошондуктан, бала бакчаларды эртең менен саат 07:30да ачуу сунушталууда.
Ашымбаева бул маселени карап чыгуу үчүн борбор калаанын мэриясына кайрылды.












