Ош шаарында Курманжан-Датка аймагында 16-июль күнү түндө 1997-жылы туулган эркек киши бычак жарааты менен табылды.

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө, окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү бирден кармалганы айтылды.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат жана кошумча маалымат кийинчерээк берилери белгиленди.