Ошто 29 жаштагы адам бычактан алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болду.

Кылмыш тууралуу маалымат милицияга бүгүн саат 3:00 чамасында келип түшкөн.

Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында шектүүнүн ысымы аныкталып, 1997-жылкы М.Ф. аттуу жаран кармалган.

Шектүү саат 4:10 чамасында кармалып, учурда окуяны териштирүү жана зарыл экспертизалар дайындалды.

Окуянын себептери жана жагдайлары такталып жатат.