19-июлдун түнүндө Бишкек шаарынын борборундагы Ала-Тоо аянтында футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын финалдык оюну түз эфирде көрсөтүлөт.

Бул иш-чарага байланыштуу убактылуу шаар борборундагы айрым көчөлөр жабылат. Мэриянын билдирүүсүнө ылайык, Коопсуздукту камсыздоо максатында Чүй проспектиси Эркиндик проспектиси менен Орозбеков көчөсүнүн ортосунда жабык болот.

Ошондой эле, Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн Чүй проспектиси менен Улуттук тарых музейинин артындагы Эмгек Даңкы аянтына чейинки бөлүгү боюнча автотурууга чектөөлөр киргизилет.

Футбол сүйүүчүлөрү үчүн Ала-Тоо аянтында фан-зона уюштурулуп, кечки саат 21:00дөн тарта майрамдык программалар башталат.

Иш-чаранын башкы бөлүгү саат 01:00дө башталып, чоң LED экранда финалдык матчтын түз эфирдеги көрсөтүүсү жүргүзүлөт.

Муну менен бирге, коноктор үчүн фудкорттар, оюн-зоок аянтчалары жана концерттик программа даярдалган.

Бардык көрүүчүлөр үчүн бул иш-чаранын кирүүсү акысыз болот.