Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүндөгү кызматкерлер 16 жаштагы кызды бычак көтөрүп жүргөн жеринен кармашты.
Кармалгандан кийин кыз ата-энесинин көзөмөлүндө үйүнө бошотулган.
Социалдык тармактарда жарыяланган видеодо бул кыздын дагы бир өспүрүмгө кол салганы айтылат, бирок милиция бул маалыматты азырынча расмий түрдө тастыктаган жок.









