Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагындагы Кызыл-Ой айылына барып, өрттөн жабыркаган Түркмөн орто мектебинин абалын текшерди.
Эске салсак, 19-ноябрда аталган билим берүү мекемесинде өрт чыгып, ашкана, китепкана, бала бакча жана күрөш залы жайгашкан корпус толугу менен күйүп кеткен.
Мектеп жетекчилигинин маалыматы боюнча, өрттөн кийин окуучуларга ысык тамак берүү токтоп калган. Мындан тышкары, мектептин 30 жыл мурда курулган негизги имаратында жылытуу системасы жок болгондуктан, окуу класстары темир мештер менен жылытылып келет.
Депутат Бактыбек Чойбеков мектептин эмгек жамаатынын жана айыл тургундарынын жаңы мектеп куруу боюнча өтүнүчүн Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрөрүн жана тиешелүү иш-аракеттерди көрөрүн билдирди.























