Мамлекеттик салык кызматы салыктык түшүүлөрдү күн сайын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөп жатат. 23-ноябрдагы жыйынтыктарга ылайык, бир күндүн ичиндеги чогултуулар 3,3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында ГСК төрагасы Алмамбет Шыкмаматов айтты.

Анын айтымында, ведомство күн сайын саат 18:00дө түшкөн салыктар боюнча жыйынтыкталган маалыматтарды алат. Маалымат «Ачык бюджет» системасы аркылуу түзүлүп, ГСК жетекчилигине жөнөтүлөт.

Күнүмдүк салыктык түшүүлөрдүн көлөмү бир топ айырмаланышы мүмкүн. Мисалы, биз бир күндө 3 млрд 300 млн сом чогултсак, үч күн мурун түшүүлөр 7 млрд 700 млн сомду түздү. Мурда күнүмдүк чогуүүлөр орточо эсеп менен 800 млн сомду түзчү.
Алмамбет Шыкмаматов

Салыктык түшүүлөрдүн салыштырмалуу көрсөткүчтөрү

  • Мурда (орточо күнүнө)0,8 млрд сом
  • 23-ноябрь (бир күнү)3,3 млрд сом
  • Үч күндүк чогутуу7,7 млрд сом

ГСК

Салыктык түшүүлөрдүн салыштырмалуу көрсөткүчтөрү
Мурда (орточо күнүнө)0,8 млрд сом
23-ноябрь (бир күнү)3,3 млрд сом
Үч күндүк чогутуу7,7 млрд сом