Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов аппараттык кеңешмеде 2026-жылдын январь айынан октябрга чейинки мезгилде 338 миллиард 222 миллион сом салык чогултулганын билдирди. Он айга каралган план мөөнөтүнөн мурда аткарылып, өсүү темпи 138 пайызды түздү.
Жалпы оң натыйжага карабастан, айрым райондор жана шаарлар пландын аткарылышы боюнча жетишсиз көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатканын жетекчи белгиледи. Алардын ичинде Тон, Түп, Жумгал, Москва, Кара-Бура, Аксы, Кадамжай райондору менен Токмок, Сүлүктү жана Таш-Көмүр шаарлары аталып өттү.
Салык кызматынын жетекчиси санариптештирүү маселесине өзгөчө токтолду. Анын айтымында, аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери жана алардын орун басарлары санариптик куралдарды билүү боюнча тесттен өткөн, бирок айрымдары иш учурунда санариптик ресурстарды дээрлик колдонбой жаткандыгы аныкталган.
Жылдын аягында кызматтын ичинде кайрадан мониторинг жүргүзүлөт. Санариптик технологияларды өздөштүрбөгөн жана эски схемалар менен иштеп жаткан жетекчилерге тартиптик чаралар колдонулат.
Алмамбет Шыкмаматов тартипсиз болсо өнүгүү мүмкүн эмес экенин баса белгиледи. Салык чогултууну камсыз кыла албаган райондор санариптик технологияларды да толук кандуу пайдаланбайт.















