Кант шаарындагы жергиликтүү бийликтин ишмердүүлүгүндө олуттуу кемчиликтер аныкталды. 2026-жылдын тогуз айында шаардык бийлик тарабынан пландалган иш-чаралардын жарымынан ашыгы аткарыла элек. Бул маалыматты Президенттик администрациянын бөлүм башчысы Азамат Кадыралиев 23-ноябрда Садыр Жапаров башкарган республикалык кеңешмеде билдирди.

55пландалган иш-чара
21аткарылган иш-чара

Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча, жергиликтүү бийлик тапшырмаларды пландаштырууда жана аларды аткарууда ката кетиргендиги белгиленди. Атап айтканда, шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана таштандыларды өз убагында чыгаруу боюнча иштер канааттандырарлык эмес деңгээлде жүрүп жатат.

Кадр чечими

Дайындалды

жаңы мэр дайындалган жок