Чүй облусунун Москва районундагы Кепюр-Арык айылында кылымдык тарыхы бар мектептин курулушу дагы бир жолу токтоп калды. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Айылда К. Артыкбаев атындагы жалпы билим берүү мектеби жайгашкан. Анын жаңы имаратынын курулушу 2025-жылы башталган эле, бирок азыр иштер токтоп турат.

«Биз сүйлөгөндөн да, жазгандан да чарчадык. Көптөгөн кайрылуулардан кийин президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев жаңы мектептин курулушу менен таанышкан. Жогорку Кенешатин төрагасы Марлен Маматалиев райондун тургундары менен жолугушууда жаңы подрядчик келерин айткан. Бирок айтылгандар аткарылган жок»
Жергиликтүү тургундардын нааразычылыгы

Тургундардын айтымында, жакында 3–4 киши келип, экинчи кабаттын бетон колоннасын көтөрүшкөн, бирок курулуш материалдары жетишпей калгандыктан, алар дагы кетип калышкан.

«Муну кантип түшүнүү керек? Жетекчилерге ишенелиби же жокпу? Балдарыбыздын фундаменти урап, мугалимдер залда отурган мектептин абалы эч кимди тынчсыздандырбайбы? Жергиликтүү бийлик унчукпай, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы бир да жолу келбей жатса, бизге ким кам көрөт? Буга ким жооп берет?»
Айыл тургундарынын суроолору

Учурда мектептин эски имаратынын абалы начар: фундаменти урап, балдар коркунучтуу шартта окууга аргасыз болууда. Жаңы мектептин курулушунун качан улантылары белгисиз.