Баткен аймактык экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору атайын табигый корголуучу аймактар жана биоартүрдүүлүк бөлүмүнүн адистери менен биргеликте рейд өткөрүштү.

Торт-Көл суу сактагычында жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында балык уулоо эрежелеринин бузулушу боюнча эки факт ачылды.

Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 266-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, эки жаранга административдик айып пул салынды. Ошондой эле, №224 токтомго ылайык, бир жаранга 1010 сом өлчөмүндө доо ачылган.

2000сом айып пул
2жаран айыпталды
1010сом доо суммасы
1жаранга доо ачылды