Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Булуң айылындагы «Кара-Булуң-Келечеги» мектепке чейинки билим берүү уюмунда даярдоо тобунун балдары үчүн «Күз берекеси – күз майрамы» аттуу салтанаттуу иш-чара уюштурулду.
Майрамдын негизги максаты — балдарды күз мезгилинин өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу, жаратылышка болгон сүйүүнү ойготуу, эмгекти сыйлоого жана түшүмдүн баалуулугун түшүнүүгө тарбиялоо болуп саналды. Ошондой эле балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн, сүйлөө маданиятын жана сахнада эркин жүрүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чара учурунда зал күз мезгилинин сулуулугун чагылдырган жасалгалар менен кооздолгон. Абага түстүү күз жалбырактары, жашылча-жемиштер жана күзүндөгү берекени сүрөттөгөн ар кандай кол эмгектери коюлган.
Программанын алкагында балдар күз жөнүндө ырларды окуп, шайыр ырларды жана бийлерди аткарышты. Мындан тышкары, кичинекей балдар мода көрсөтүүсүнө да катышышты.
Балдар бакчасындагы кызматкерлердин билдирүүсүнө таянсак, мындай тарбиялык иш-чаралар балдардын эстетикалык табитинин калыптанышына, ойду эркин билдирүүгө, жамаатта иштөөгө жана коомдук турмушка активдүү катышууга жардам берет.
Майрамды даярдоо тобунун тарбиячысы Айнура Казатова жана кезекчи тарбиячы Айчүрөк Абдалиева уюштурушкан.












