Бишкекте кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына арналган конференциянын алкагында политолог Зайнидин Курманов өз оюн билдирди. Анын айтымында, улуттук мамлекеттүүлүктү чыңдоо жана тарыхый мурасты келечек муунга сактап өткөрүү үчүн кыргыз эли өз тарыхын терең изилдеп, мамлекеттин түзүлүшүнө салым кошкон инсандардын эмгектерин кеңири билиши шарт.

Курмановдун белгилөөчө даталар жөн гана майрамдоо үчүн эмес, улуттук аң-сезимди калыптандырууга багытталган маанилүү процесс экенин айтты. Ал мамлекет менен улуттун ортосундагы байланыштын маанилүүлүгүнө токтолду.

Улут мамлекетсиз жашай алат, бирок мамлекет улутсуз жашай албайт. Ошондуктан биз бул датага чоң маани беребиз. Улуттук аң-сезимди жана улуттук иденттүүлүктү калыптандыруу процесси жүрүшү керек. Эгерде бизде улуттук дух жана бир максатты көздөгөн эл экенибизди түшүнүү болбосо, эч кандай реформа толук кандуу ишке ашпайт.
Зайнидин Курманов

Адистин айтымында, көз карандысыздык шарттарында Кыргызстан тарыхын жана өнүгүү жолун өз алдынча аныктап, тарыхый окуяларга илимий баа берүүгө тийиш. Ошондой эле окумуштуулар мамлекеттин калыптанышынын ар бир этабын, архивдик документтерди жана ошол мезгилдеги кыйынчылыктарды кылдат изилдеши керек.

Курманов кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы XX кылым менен гана чектелбейт деп белгиледи. Ал Барсбек каган сыяктуу тарыхый инсандардын жана XX кылымдын 1920-1930-жылдарындагы ишмерлердин ролун терең изилдөө зарыл экенин баса белгиледи.