Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Бул улуу иш-чара 31-августтан 6-сентябрга чейин уланат.

Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (НТРК) менен «Номад ТВ» телеканалы түз эфирде иш-чаранын негизги спорттук жана маданий окуяларын эл жана эл аралык жамаатка жеткирүү максатында кызматташуу жөнүндө макулдашып, документке Улан Сатиев менен Наталья Кролевич кол койгон.

Тараптар техникалык жана чыгармачылык күчтөрүн бириктирип, түз эфирлер аркылуу программага камтылган жогорку деңгээлдеги мелдештерди көрсөтүүнү пландашууда.

"Биздин кызматташтык мамлекеттик жана жекече медиа булактар биргеликте улуттук маанидеги дүйнөлүк маанилүү долбоор үчүн натыйжалуу иштөөнүн үлгүсүн көрсөтөт деп ишенем"
Наталья Кролевич

Улан Сатиевдин айтымында бул кызматташтык эл аралык окуяларды ачык чагылдырууга жана бирдиктүү маалымат мейкиндигин өнүктүрүүгө багытталган.

Ошондой эле оюндар Бишкек менен Иссык-Көл областынын этногородогу Кырчын аймагында өтөт. Иш-чарага 90дан ашык мамлекеттин өкүлдөрү жана 500гө жакын чет элдик журналисттер катышарын күтүшүүдө.