Кыргызстанда акыркы үч жыл ичинде жалпы 77 инвестициялык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров 28-июлда Бишкекте өткөн кыргыз-өзбек бизнес форумунда маалымдады.

Аталган келишимдердин жалпы көлөмү 12,4 миллиард долларды түзөт. Ошол эле учурда, мамлекеттик жана жеке сектордун өнөктөштүгү боюнча 55 келишим түзүлүп, алардын жалпы наркы 4,3 миллиард доллар деп бааланды.

Сабиров белгилегендей, жаңы долбоорлордун инвестициялык портфели 23 миллиард доллардан ашык.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички өндүрүшүнүн көлөмү 1,9 трлн сомго жетип, экономиканын өсүү темпи 11% ашты.

Түз инвестициялардын көлөмү 1,3 миллиард доллардан жогору болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 27%га өскөн.

2026-жылдын июль айына карата негизги капиталга инвестициялар 64,3% өскөндүгү билдирилди.