27-июлда кечинде Балыкчыдан Бишкек-2 багытында жүрүп жаткан жүргүнчү поездине Новопокровка айылынан чыгууда белгисиз адамдар таш ыргытышты.
Жаңжал учурунда бир таш айнени тесип өтүп, вагондун ичине кирген. Алардын аракеттери жүргүнчүлөрдүн жана поезд бригадасынын коопсуздугуна коркунуч жаратты.
Натыйжада бир нече вагондун терезелери сынып, мамлекеттик ишкана "Кыргыз темир жолу" материалдык зыянга учурады.
Тез арада бузулган терезелер алмаштырылып, бул факт боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлдү.





















