27-июль күнү Бишкек четиндеги Новопокровка аймагында белгилүү эмес адамдар жүргүнчү поезддин бир нече вагонынын терезелерине таш ыргытып, зыян келтиришти.

Окуя тууралуу маалымат алынгандан кийин Иссык-Атин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, тергөө иш-чараларын жүргүздү.

Тергөө иштеринин натыйжасында окуяга тиешелүү деп шектелген үч жаран — К.А. (2007-ж.), Ж.А. (2011-ж.), жана С.Б. (2009-ж.) аныкталып, кармалышты.

Шектүүлөр өздөрү таш ыргыткандарын моюнга алышты. Учурда аларга карата тиешелүү тергөө-жүргүзүү иштери уланууда.

Бул факт боюнча мыйзам чегинде юридикалык баа берилет. Эске салсак, окуя Бишкек шаарынын аймагындагы региондук масштабдагы кырдаал катары катталды.