Ош облусунун Ноокат районунда болгон жол кырсыгынын натыйжасында 12 жашар бала каза болду. Бул тууралуу Ош облусунун ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык 31-октябрда саат 19:00дө Ош—Раззаков автожолунун 68-чакымында, Төөлөс айыл аймагынын Додоң айылында болгон. 2004-жылы туулган айдоочу «Daewoo Matiz» унаасын багыт боюнча айдап баратып, каршы тилкеден келген, 2006-жылы туулган айдоочунун башкарган трицикли менен кагылышкан.

Кагылышуу учурунда трициклдин жүргүнчүсү болгон 2014-жылы туулган өспүрүм жабыркап, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал оорукананын реанимация бөлүмүндө дарыланып жатып, алган жаракаттарынан улам 9-ноябрда каза болгон.

  1. 31-октябрь, 19:00

    Ош—Раззаков автожолунда унаа менен трицикл кагылышты

  2. 31-октябрь

    Жаракат алган бала Кызыл-Кыя ооруканасына жеткирилди

  3. 9-ноябрь

    Реанимация бөлүмүндө бала каза болду