Ош облусунда укук коргоо органдары баңги заттарды таратканы шектелген эркекти кармады. Анын үстүнөн Афганистандан келген гашиш табылгандыгын укук коргоочулар билдиришти.
Бул операцияны Наркотиктердин мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жүргүздү. Кармалган адамдын колунан тыюу салынган заттын 5 килограммдан ашык көлөмү табылып алынды.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңги заттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда. Полиция кылмыштын башка катышуучуларын аныктоону жана баңги заттарды мыйзамсыз таркатуу каналдарын изилдөөнү улантып жатат.








