Башкы прокуратура акыркы эки жыл ичинде ишкерлерди текшерүү процессинде бир топ кемчиликтерди аныктады. Экономика министрлигинин ишмердүүлүгүн изилдөөдө бизнести текшерүүдөгү мыйзам бузуулар ачыктан-ачык байкалган. Бул тууралуу Жогорку Кенештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Башкы прокурордун орун басары Залкарбек Акназаров айтты.
Аныкталган каталардын арасында бар болбогон же иштеп жатпаган компанияларга карата текшерүү каттоолорун жүргүзүү учурлары бар. Ошондой эле белгиленген мөөнөттөрдү бузуу жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетторду бербей коюу фактылары катталган.
Катталып жаткан компаниялардын арасында мурун эле жоюлган, башкача айтканда, жок болгон мекемелер да болгон. Мөөнөттөрү бузулган же жыйынтыгы боюнча отчет берилбеген текшерүүлөр да катталган.
Учурда прокуратура көбүнчө ишкерлер текшерүүлөр боюнча даттануу менен кайрылгандан кийин гана мыйзам бузууларга реакция жасоого мажбур болууда. Ушул себептен улам көзөмөлдөө механизмин өзгөртүү сунушталууда.
Сунуш боюнча, Башкы прокуратура текшерүүлөрдү жүргүзүүгө алдын ала уруксат берип, бул процесске башынан эле катышуусу керек. Мындай ыкма текшерүүчү органдардын аракеттерине көзөмөлдү күчөтүүгө жана ишкерлерге административдик басымды азайтууга мүмкүндүк берет.







