Окуя 29-октябрда саат 16:50 чамасында Сокулук айылындагы Фрунзе көчөсүндө болгон. 69 жаштагы айдоочу Mazda үлгүсүндөгү унааны айдап бара жатып, жолго капысынан чуркап чыккан 19 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзгөн.

Жабырлануучу дароо Сокулук райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок, дарыгерлердин аракетине карабастан, ал эсине келбей каза болгон.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кырсык Сокулук районундагы «Diamond» ресторанынын жанында болгон. Жергиликтүү бийлик бул окуяны териштирүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, кырсык 29-октябрда саат 16:50 чамасында Фрунзе көчөсүндө болгон. 69 жаштагы айдоочу Mazda унаасы менен 19 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзгөн, ал жолго чуркап чыккан.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы

Учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана Чүй облустук ички иштер башкармалыгы окуянын чоо-жайын тактап жатышат.