Лейлек районунда эки автоунаанын бетме-бет кагылышуусунан улам жол кырсыгы болду. Turmush маалыматына ылайык, окуя 2026-жылдын 8-ноябрында саат 18:30дө болгон.

Ош-Раззаков автожолунун 314-километринде түндүктөн түштүккө карай жүрүп бара жаткан «Дэу Нексия» маркасындагы унаа карама-каршы багыттан келген «Тойота Хайлендер» унаасы менен кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен «Дэу Нексияны» башкарган Лейлек районунун тургушу Лейлек жалпы дарыгердик практика борборунун реанимация бөлүмүнө жеткирилди. Ал эми «Тойота Хайлендер» унаасынын айдоочусу, Кара-Суу айылынын тургушу, оорукананын кабыл алуу бөлүмүнө кайрылган.