Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, кырсыкка Баткен районунун Самаркандек айылындагы айылдык ооруканага таандык «ГАЗ-221717» үлгүсүндөгү тез жардам унаасы кабылган.

Тез жардам унаасын 1965-жылы туулган айдоочу К.А.К. башкарып, чыгыштан батышты көздөй бара жаткан. Ошол маалда анын унаасынын оң капталына «KIA Sorento» үлгүсүндөгү унаа келип урунган. Аны 1981-жылы туулган айдоочу Ж.Ж.Ж. башкарган.

Жол кырсыгынын кесепетинен тез жардам унаасынын айдоочусу жаракат алып, Жалпы дарыгерлик практика борборунун травматология бөлүмүнө кайрылган.

Учурда окуя Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн электрондук журналына катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Кырсыктын келип чыгуу себептери жана жагдайлары такталууда.