Жаңы билим берүү мекемесинин курулушу 2025-жылдын сентябрь айында башталган. Учурда имараттын биринчи кабатынын дубалдары чегерилип бүткөн. Проектти турак жай-жарандык курулуш департаменти ишке ашырууда.
Архитектуралык долбоорго ылайык, мектеп эки кабаттан турат. Окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн имараттын ичинде спорттук зал жана өтмөк галерея каралган. Жаңы мектептин жалпы аянты 1 604 чарчы метрди түзөт.
Мектептин негизги мүнөздөмөлөрү
Иштин жүрүшүн жана сапатын курулуш министрлигинин тиешелүү бөлүмдөрү көзөмөлдөп турат. Мектептин курулушуна каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт.

























