Бүгүн, 27-ноябрда, Бишкек — Шарджа багыты боюнча учуп жаткан Air Arabia авиакомпаниясынын учагы өз багытына жетпей, Пакистандын Исламабад шаарына токтоп калды. Бул тууралуу рейс жүргүнчүлөрүнүн бири Азамат Ысманов Kaktus.mediaга билдирди.
Жүргүнчүлөрдүн айтымында, учак «Манас» аэропортунан беш сааттык кечигүү менен учуп чыккан, бирок багытталган жерге жете алган эмес. Учуу учурунда техникалык мүчүлүштүк, тактап айтканда, мотордо көйгөй жаралгандыгы жөнүндө маалымат берилген.
Азыркы учурда жүргүнчүлөр Пакистандын аэропортунда болушууда. Алар кырдаалдын себеби жана кийинки пландар боюнча так маалымат ала албай жатышат. Азамат Ысмановдун айтымында, жүргүнчүлөр азырынча аэропорттун стерилдүү зонасында күтүп жатышат.
«Кыргызстан Аэропорттору» ЖАКтын маалыматы боюнча, Бишкек — Шарджа рейсинин кечигүүсү авиакомпаниянын күнөөсү менен болгон. Учурда кырдаал боюнча башка кошумча маалымат жок.
Жүргүнчүлөр Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан бул кырдаалга көңүл буруп, авиакомпания жана тиешелүү кызматтар менен байланышып, төмөнкү маселелерди тактап берүүнү суранышууда:
- мүчүлүштүк эмне себептен болгону;
- мотордо чындап эле көйгөй болгонбу;
- рейс эмне үчүн башында беш саатка кечиктирилгени;
- жүргүнчүлөрдүн абалы кандай экени;
- аларды качан Шаржага жеткириши мүмкүн экени.













