Жалал-Абад облусунун Долмор айылында жаңы мектептин эшиги ачылды. Бул окуу жай 275 окуучуга кызмат көрсөтүүгө ылайыкталган. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы берген маалыматка таянса, курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлгөн.
158 млн сом долбоордун баасы
Мектептин курулушуна жалпысынан ушунчалык сумма жумшалган.
Жаңы курулган эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 2 980 квадрат метрди түзөт. Имараттын ичинде окуучулардын билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн.
- окуу класстары
- атайын мастерканалар
- ашкана
- китепкана
- активдүүлүк жана спорттук залдар











