Каныбек Канатбеков 1998-жылы 29-сентябрда Нарын шаарында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдө үч баланын улуусу, эки карындашы бар. Учурда ата-энеси, жубайы жана кызы менен Нарын шаарында жашайт. Жубайы да ички иштер органдарынын кызматкери, азыр декреттик өргүүдө.

Нарын облусунун климаты өзгөчөлүү: кышы узак, аба ырайы кескин өзгөрүп, катуу суук болуп, кар көп жаайт. Мындай шарттар кызматтык ишмердүүлүккө таасирин тийгизет, бирок милиция кызматкери үчүн аба ырайы же аралык алыстыгы кызмат милдетин аткарууга тоскоол болбошу керек.

Лейтенант Канатбеков белгилегендей, алар ар кандай кырдаалга даяр болууга, окуя болгон жерге өз убагында жетип, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жана жарандарга жардам көрсөтүүгө аракет кылышат.

Биздин негизги милдетибиз — кандай шартта болбосун элдин тынчтыгын жана коопсуздугун сактоо
Каныбек Канатбеков, милиция лейтенанты

Тоолуу аймактагы кызматтын дагы бир өзгөчөлүгү — жергиликтүү элдин меймандостугу. Канатбековдун айтымында, жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлерине жылуу мамиле жасап, ишеним көрсөтүшөт. Бул кызматтын натыйжалуулугуна өбөлгө түзөт.

Тоолуу шарттарда кызмат өтөө үчүн чыдамкайлык жана күчтүү ден соолук зарыл. Лейтенант бул сапаттар аркылуу милиция кызматкерлери оор климаттык шарттарда да элдин коопсуздугун камсыздай аларын белгиледи.