29-октябрда өткөн коллегиялык жыйынга ички иштер министри Улан Ниязбеков төрагалык кылды. Жыйынга министрдин орун басарлары, Ички аскерлердин кол башчысы жана ички иштер органдарынын жетекчилери катышты.
Талкууда кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандардын арыз-даттанууларын жеринде чечүү, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана миграция жаатындагы иштер каралды.
Министр Ниязбеков отчеттук мезгилдеги жетишкендиктерге токтолуп, иштеги кемчиликтерди белгиледи жана аларды жоюу боюнча тапшырмаларды берди.
Өзгөчө көңүл санариптештирүүнү улантууга жана видеокөзөмөл системаларын кеңири колдонууга бурулду. Министрдин айтымында, заманбап технологиялар коомдук коопсуздукту чыңдоого жана укук бузуулардын алдын алууга жардам берет.
Талкуунун дагы бир маанилүү блогу – үй-бүлөлүк зомбулукка, жашы жете электер арасындагы кылмыштуулукка жана интернет-алдамчылыкка каршы күрөштү күчөтүү. Ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы ишти күчөтүү, аларды таратуу каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча тапшырмалар белгиленди.
Мындан тышкары, кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо, жол коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине көңүл бурулду.
Коллегиянын жыйынтыгында министр ички иштер органдарынын жетекчилерине кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу жана белгиленген багыттардагы иштерди күчөтүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.


















