Нарын шаардык мэриясы билдиргендей, калкты сапаттуу кызматтар менен камсыздоо, ошондой эле ичүүчү суу жана саркынды суу системаларын жаңыртуу жана кеңейтүү максатында, ЕБРРдин колдоосу менен «Суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реабилитациялоо» долбоорунун 2-фазасы ишке ашырылууда.
Долбоордун жалпы баасы 5,5 миллион еврону түзөт, анын 2 миллион евросу кредит, 3,5 миллион евросу гранттык каражаттар. Ушул долбоордун алкагында шаардын чыгыш аймагында 6 км, батыш аймагында 6 км, жалпысынан 12 километр канализация системасы тартылды.
Үч баскычтуу тазалоочу жай
2026-жылдын 17-июнунда жаңы саркынды суу тазалоочу жайдын курулушунун пайдубалына капсула салынды. Шаардын 20 миң тургунуна эсептелген бул заманбап курулуш саркынды сууну 3 баскычта: механикалык, биологиялык жана химиялык жолдор менен тазалайт.
Суу эсептегичтер жана төлөмдөр
Орнотулган суу эсептегичтер




